Ош базарынын аймагында көрктөндүрүү жана башаламан соода-сатыкка жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө
29 июль

Ош базарынын аймагында көрктөндүрүү жана башаламан соода-сатыкка жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Ош базарынын аймагында көрктөндүрүү жана башаламан соода-сатыкка жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаралар Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин протоколдук тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын жетекчиси Мирлан Талайбеков Ош базарынын айланасын кыдырып, белгиленбеген жерлерде соода кылууга жана санитардык тартипти камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен таанышты.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын башынан бери аталган аймакта уруксатсыз соода кылуу боюнча, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, 237 протокол түзүлүп, жалпы 741 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Муниципалдык инспекция тартипти камсыз кылуу жана көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча иштерин улантат.