Айыл өкмөттөрдөгү адистердин айлыгы 21 миң сомдон 43-45 миң сомго чейин жогорулайт
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 сентябрь

Айыл өкмөттөрдөгү адистердин айлыгы 21 миң сомдон 43-45 миң сомго чейин жогорулайт

Айыл өкмөтүндөгү башкы адистердин айлыгы көтөрүлгөндөн кийин мурдагы 21 миң сомдун ордуна 43-45 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кадр саясаты башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы 1-сентябрдан тарта жогорулатылды.

Өмүрзаковдун айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык органдар тогуз түргө бөлүнгөн.

Биринчи жана экинчи түргө кирген министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде жана административдик ведомстволордо кызматтык маяналар 21-32%га чейин көбөйтүлдү. Анын ичинде министрликтерде айлык акы 32%га чейин, агенттиктерде 21%га чейин өстү.

Үчүнчүдөн тогузунчу түргө чейинки органдардын кызматкерлери үчүн президенттин компенсациялык төлөмү катары 15 миң сом каралган.

Айлык акынын эң чоң өсүшү тогузунчу түргө кирген кызматкерлер үчүн каралып, алардын маянасы 74%га жогорулады.

Мындан тышкары, техникалык кызматкерлерге кошумча 5 миң сомдон төлөнөт.