Ош ОИИБ: Кара-Сууда мал уурулукка шектүү кармалды
2025-жылдын 1-октябрь күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Мады айыл аймагынын 1980-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган.
Анда 2025-жылдын 22-сентябрдан 23-сентябрга караган түнү талаада аркандалып турган жеринен бир баш малын белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө дагы 3 атуул малдарын уурдап кеткендиги боюнча арыз менен кайрылышкан.
Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жургүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган К.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Уурдалган малдар өз ээлерине кайтарылып берилди.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.
