Бишкекте муниципалдык жерлер мыйзамсыз курулуштардан бошотулду
21 август

Бишкекте муниципалдык жерлер мыйзамсыз курулуштардан бошотулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курулуштардан жана ар кандай тоскоолдуктардан бошотуу иштерин улантууда.

Мэриядан кабарлашкандай, 20-августта борбордун аймактарында бир катар иш-чаралар аткарылды:

Биринчи май району
- Сельповская көчөсүндө жолду реконструкциялоо иштерине байланыштуу капиталдык курулуш (тосмо) алынды. Бул жерде 27 турак үйдүн тосмолору жолго тоскоолдук жараткан. Бүгүнкү күнгө карата алардын 18и ыктыярдуу түрдө алынып, калган 9 тосмо боюнча иштер уланууда. Үй ээлерине мурда расмий эскертүүлөр берилген;
- Чымкент көчөсү, 1 дарегинде капиталдык жана кошумча курулуштар алынды, алар: дүкөн, акча алмаштыруучу пункт, ашкана, 3 бастырма (ЖТО), сырткы ажаткана, диспетчердик пункт (ЖТО), ошондой эле 2 даана темир контейнер (40 т).

Свердлов району
- Чүй проспектиси, 123 дарегинде тротуарды алмаштыруу иштеринин алкагында имараттын кире бериш бөлүгү ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө алынды;
- Рухий-Мурас  конушунда Анкара – Манжыл-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 30 чарчы метр болгон жеңил типтеги объект алынды, 4 контейнер чыгарылды (анын ичинен 3 – 40 т, 1 – 20 т).

Октябрь району
- Ауэзов жана Л. Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде бетон блоктор алынды;
- Тунгуч кичирайонундагы 36/1б үйдүн жанында жайгашкан “водомат” ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө алынды.

Ленин району
- Л. Толстой көчөсү, 17 дарегинде металл мамылар жана шлагбаум алынды;
- Ч. Айтматов проспектисинде мыйзамсыз соода түйүндөрү жана конструкциялар алынды: 4 “күч өлчөгүч”, 4 балмуздак сатуучу жай жана 18 даана темир тосмо.

Муниципалдык жерлерде мыйзамдуулукту жана тартипти орнотуу иштери системалуу түрдө улантылууда. Эгерде берилген эскертүүлөр ыктыярдуу түрдө аткарылбаса, тиешелүү чаралар колдонуудагы мыйзамдардын алкагында көрүлөт.