Ак-Суу районунда өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү
Ысык-Көл облусунун администрациясынын тапшырмасына ылайык, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузуучулукту алдын алуу” боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага райондук администрация, ички иштер бөлүмү, прокуратура, билим берүү бөлүмү жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү катышып, райондогу мектептердин директорлоруна, социалдык педагогдорго жана окуучуларга укуктук маалыматтар берилди.
Катышуучулар өспүрүмдөрдү мыйзамды сыйлоого, коомдук тартипти сактоого, интернеттеги коопсуз жүрүм-турумга жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга үндөштү. Ошондой эле укук бузуу үчүн жоопкерчилик жана анын кесепеттери кеңири түшүндүрүлдү.
Бул иш-чара жаш муундун укуктук маалымдуулугун жогорулатып, мектептер менен укук коргоо органдарынын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган. Ушундай жолугушууларды дайыма өткөрүү зарылчылыгы белгиленди.
