Бишкекке эл аралык туристтик поезд келди
7 сентябрь

Бишкекке эл аралык туристтик поезд келди

2026-жылдын 6-сентябрында Бишкек шаарына Германиянын Lernidee Erlebnisreisen GmbH компаниясына таандык, Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген эл аралык туристтик поезд келди.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы чет өлкөлүк конокторду салтанаттуу тосуп алышты. Темир жол бекетинин аймагында элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулуп, анда туристтер шырдактарды, кийизден жасалган буюмдарды жана кыргыз элинин салттуу тиричилик буюмдарын көрө алышты. Бул конокторго кыргыз элинин салт-санаасы менен жакындан таанышып, кыргыз элинин меймандостугунун атмосферасын сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Салтанаттуу тосуп алуудан кийин туристтер борбор калаа боюнча экскурсияга жөнөштү. Күн ичинде коноктор Бишкектин негизги кооз жерлерин кыдырып, шаардын тарыхы, архитектурасы жана заманбап жашоосу менен таанышат.

Поезддин курамында 11 заманбап, ыңгайлуу вагон бар. Алар менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 70тен ашуун турист келди.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы туристтик поезддин кыймыл графигинин сакталышын камсыз кылат, ошондой эле чет өлкөлүк коноктордун Кыргыз Республикасынын аймагында коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.