Ош ОИИБ: Облус аймагында коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн 10 жаранга 20 000 сомдон айып пул салынды
17 июль

Ош ОИИБ: Облус аймагында коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн 10 жаранга 20 000 сомдон айып пул салынды

Кара-суу жана Ноокат районунун аймагында коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн 10 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 127¹-беренесинин талабына ылайык, 20 000 сомдон айып пул салынды.

Белгилей кетсек, буга чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жарандардын медициналык көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүргөн жарандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 127¹-беренесинин талабына ылайык, жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, башкча айтканда (20 миң сом) өлчөмүндө айып пул салынаары боюнча эскертүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Кошумчалай кетсек, учурда Ош облусунун бардык аймагында коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга карата чара көрүү аракеттери көрүлүүдө.