Борбордук милиция кызматкерлери тарабынан чек араны мыйзамсыз кесип өткөн,эл аралык издөөдө жүргөн шектүү чет элдик кармалды
13 сентябрь

Борбордук милиция кызматкерлери тарабынан чек араны мыйзамсыз кесип өткөн,эл аралык издөөдө жүргөн шектүү чет элдик кармалды

2025-жылдын 8-август күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик шектүү жаран кармалды.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, шектүү Бишкек шаарындагы Новопокровка айыл аймагында жашырынып жүргөн.

Тергөө учурунда такталгандай, ал 2021-жылдын октябрь айында коңшу өлкөнүн аймагында “Samsung MX-6 B-2” үлгүсүндөгү, наркы 16 600 АКШ долларын түзгөн экскаваторду алдамчылык жолу менен мыйзамсыз ээлеп алып, кийин аны үчүнчү тарапка сатып жиберген. Кылмыштуу аракеттерин ишке ашырган соң, шектүү изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча коңшу мамлекеттин ички иштер органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, ага карата эл аралык издөө жарыяланган. Ошондой эле шектүү 2021-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү аныкталгандыктан, мамлекеттер аралык издөөдө да болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде анын өздүгү такталып, ал 1991-жылы туулган Б.Х. аттуу шектүү аныкталган. Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык борбордук милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.