Бишкекте ресторандын унаа токтотуучу жайында мушташка катышкандар кармалды
2025-жылдын 21- августунда социалдык тармактарда мониторинг кылуу учурунда, Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринин унаа токтотуучу жайында белгисиз адам мушташып жаткан видеосу аныкталга.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин МЭЖге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Ж.Ж., 1991-жылы туулган З.А., 1993-жылы туулган К.К., 1992-жылы туулган С.Б. жана 1992-жылы туулган К.Э. аттуу жарандар, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине(Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин райондук башкармалыктын убактылуу камерасына камакка алынды.
