Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде түзүлгөн өндүрүш объектилеринин ишмердүүлүгү боюнча маселе каралды
Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматындагы мекемелерде түзүлгөн ишканалар тарабынан өндүрүлгөн товарларды мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалымат угулуп, эске алынды.
Жыйында баяндама жасаган Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Улан Жолдубаев белгилегендей, түзөтүү мекемелериндеги өндүрүш объектилеринин ишмердүүлүгү кызматка караштуу «Келечек» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
«Жалпысынан айыл-чарба азыктарын, курулуш материалдарын, кийим-кече өндүргөн 8 ишкана бар», - деди У.Жолдубаев.
Талкуу маалында комитет мүчөлөрү мындай ишканалардын санын көбөйтүү үчүн аларга жеңилдетилген кредиттерди жана гранттарды берүү боюнча атайын программаларды иштеп чыгуу, аларды жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.
