Кыргызстанда бир жумада дээрлик 24 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
10 ноябрь

Кыргызстанда бир жумада дээрлик 24 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 3нөн 9-ноябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 654 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Билдирүүгө ылайык, анын ичинен: 

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 1 878;
  • Мас абалында унаа башкаруу - 309;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 138;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 762;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 256;
  • Автоээнбаштык - 24;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 387;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 10 694.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 201  унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.