Надира Нарматова: Кыргыз бийлиги жарандарынын коопсуздугу үчүн тынч сүйлөшүүнү – дипломатиялык жолду тандады
28 февраль

Надира Нарматова: Кыргыз бийлиги жарандарынын коопсуздугу үчүн тынч сүйлөшүүнү – дипломатиялык жолду тандады

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча чечим кабыл алынып, акыркы чекит коюларына аз калды. Кечээ, 27-февралда Жогорку Кеңештин профилдик комитети тарабынан бул багыттагы макулдашу каралып, жактырылды. Макулдашууга ылайык, эки өлкө ортосунда талаш болуп келген Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болду жана мындан ары аны эки өлкө бирдей колдонот. 

Жогорку Кеңештин депутары Надира Нарматова кыргыз-тажик чек ара маселеси Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары эле чечилмектигин, бирок өлкө жетекчилеринин жоопкерчиликти алуудан тайсалдаганынан улам Баткен жергесинин тургундары көп жылдар бою коопсуздугунан коркуп жашап келишкенин белгиледи. 

«Кыргызда «Ойчул ойлонгуча, тобокелчил тоо ашыптыр» деген жакшы сөз бар. Азыркы бийлик – Садыр Жапаровдун командасы эл алдындагы жоопкерчилигин жакшы сезгендиктен, буга чейин эч бир президент батынбаган чек ара маселесин чечүүнү колго алды. Өткөн жылы Өзбекстан менен чек арабызды чечтик эле, ошондон бери чыр-чатак жок мамыр-жумур жашап, ал турмак эки өлкө ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлдү. 

Кыргыз-тажик чек арасы өтө кылдаттыкты, аярдыкты талап кылган маселе болчу. Бул 30 жылдан бери курчуп, апогейине жетип калган. Анын айынан акыркы жылдары эле бир нече куралдуу кол салууну баштан өткөрдүк. Ондогон адамдардын өмүрү кыйырды, канча адамдын жашоосуна бүлүк салынды. Бул нерсеге чекит койбосо болбойт болчу... Кыргыз бийлиги жарандарынын коопсуздугу үчүн тынч сүйлөшүүнү – дипломатиялык ыкманы тандап алды. 

Биз УКМК төрагасы, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиевге рахмат айтышыбыз керек. Ал президентибиздин тапшырмасын так аткарды, Кыргыз мамлекетинин тарыхында кыргыз-тажик чек арасын тактады, талаштарга чекит койду. 

Бул тарыхый бурулуш... Эми документке эки өлкөнүн ТИМ башчылары кол койсо, кайрадан Жогорку Кеңешке ратификацияга келет. Андан соң эки өлкө президенттери кол койгондон кийин, мыйзам күчүнө кирет. Ошондо чек ара толук кандуу аныкталат. Бир гана Баткен эмес, кыргыз элинин, мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна коркунуч келбей турган шартта, коңшулар менен тынчтыкта жашап калабыз. 

Бул – тарых барактарындагы алгачкы ийгилик», – деди Надира Нарматова.