Бишкек – Ош унаа жолуна жаңы көпүрө курулат. Алгачкы сүйлөшүүлөр өттү 
24 октябрь

Бишкек – Ош унаа жолуна жаңы көпүрө курулат. Алгачкы сүйлөшүүлөр өттү 

Бишкек – Ош унаа жолунун 315-чакырымына жаңы көпүрө курулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, көпүрөнү куруу боюнча транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев жана Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлдөрү (JICA) алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ишке ашыруу үчүн милдеттенмелерин белгилешти.

Кошумча көпүрө куруу Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу жүк жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк бере тургандыгы кошумчаланды.

Долбоор гранттык негизде ишке ашырылат деп болжолдонууда.

Белгиленгендей, көпүрө куруу учурунда экологиялык жана социалдык маселелерге тийиштүү көңүл бурулат.