Россиялык 2 альпинистти тик учак менен куткарышты
21 август

Россиялык 2 альпинистти тик учак менен куткарышты

Тактай кетсек, кечээ, 20-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайында жайгашкан “Байчечекей” чокусуна Ильюшинка 4б маршруту менен чыгып, кайтып келаткан Россия Федерациясынын 2 альпинисти караңгыда жол таппай тоодо түнөп калышкан.

Аталган чоку деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, саат 6:55те чокуда калган альпинисттерди тик учак менен Бишкекке саат 7:19да алып келген. Өз убагында ӨКМдин Апааттык медицина кызматы тарабынан алгачкы жардам көрсөтүлдү.

Альпинисттерди куткарууга ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” кошуунунун 1-издеп куткаруу тобунун командири лейтенант Эсенбеков Эльдар куткарууга тартылган.