Бектен Бекболотов айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды
Бекболотов Бектен Турсунбекович Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бектен Бекболотов 1973-жылдын 10-октябрында туулган. Эки жогорку билимдин ээси.
1997-жылдан тартып түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келген.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
