Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган КР жараны Вьетнамдан экстрадицияланды
26 декабрь

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган КР жараны Вьетнамдан экстрадицияланды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Вьетнамдын компетенттүү органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында, жабырлануучуларга алдамчылык менен 16,4 млн сом өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирген Т.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны КР ИИМ жана Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин коштоосунда Бишкек шаарына жеткирилип, ага карата кылмыш куугунтуктоону улантуу үчүн тергөө абагына камакка алынды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы эл аралык келишимдерди аткаруунун алкагында тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча ырааттуу иштерди улантууда.

Бул иштер жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен кутулбоо принцибин камсыз кылууга багытталган.