Дастан Бекешев: Келерки шайлоодон кийин парламент миллионерлердин элиталык клубуна айланат
4 апрель

Дастан Бекешев: Келерки шайлоодон кийин парламент миллионерлердин элиталык клубуна айланат

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо боюнча мыйзам долбоорундагы айрым кемчиликтерди белгиледи.

Айтымында, бул мыйзам долбоорунун максаты саясий коррупцияны жоюу болгон. Бирок андагы айрым сунуштар максатына карама каршы келүүдө.

«Биринчиден, талапкерлер мурда 100 миң сом күрөө койсо, азыр ал 300 миң сомго көбөйтүлдү жана бул акча алар өтпөй калган учурда кайтарылып берилбейт. Демек, кимге 300 миң сомунан айрылып калуу оорчулук келтирбесе, ошол гана катыша алат. Ал эми жөнөкөй мугалим, өрт өчүргүч, дарыгер катыша албайт. Аларга дароо эле айтыш керек: «Акчаң жокпу, анда үйүңдө тынч отур, шайлоого катышканды сага ким коюптур». Бул шайлоо байлар үчүн гана болот. 2021-жылы дагы көбү күрөөнү көбөйтүүгө каршы чыгышкан. Мен 100 миң бойдон калтырууну  сунуштайм. Дайыма күрөөнү көбөйтүп келатабыз.

Экинчиден, шайлоо фонду эки эсеге көбөйдү: мурда 10 миллион сом болсо, азыр 20 миллион сом. Кайра эле акчасы көптөргө мүмкүнчүлүк берилип жатат. Ооба, түшүнөм, инфляция болду, офистердин ижара акысы, айлык акылар, жарнамалардын баасы кымбаттады, бирок мынчалык көбөйтүүнүн кереги жок. Чек болуш керек. Жок дегенде 15 миллион сом кылалы.

Үчүнчүдөн, үгүтчүлөрдүн саны көбөйдү. Эми акчасы көп талапкерлер жана партиялар добушту акчага сатып алып убара болушпайт, алар расмий түрдө гана үгүтчүлөрүнүн санын көбөйтүшөт. Ар бирине 3 миң сом төлөп, 1000 үгүтчү алышат дагы, аларга: «Үгүт жүргүзүүнүн кереги жок, үй-бүлөңдү: эже-карындаштарыңды, ата-энеңди, ага-иниңди алып кел», – дешет. Ошону менен 3 миллион сомго 3000 адамды сатып алат. Ошентип, парламент иш жүзүндө миллионерлердин элиталык клубуна айланат», – деди Дастан Бекешев.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште бүгүн, 4-апрелде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттик угуудан өткөрүлдү.