Ош ОИИБ: Араванда “Бандит” операциясы өткөрүлдү
Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин алдын алуу максатында “Бандит” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жана аларга жакын адамдардын аракеттери көзөмөлгө алынып, район аймагында жүргөн 3 жаран РИИБге чакырылып, биометрикалык маалыматтары алынды жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында аталган жарандарга кылмыштуу идеологияны карманып, же жаштарды мыйзамсыз жолдорго тартуу аракеттери аныкталса, мыйзамдын негизинде катуу жазаланары эскертилди.
