Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 9-декабрда Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакаланы миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Министр Жээнбек Кулубаев соода жана инвестиция, энергетика, транспорт, логистика жана билим берүү программаларынын алкагындагы өз ара аракеттерди мындан ары кеңейтүүгө өзгөчө басым жасады.
Өз кезегинде атайын өкүлү Тери Хакала акыркы жылдары Кыргызстан менен Европа Бирлигинин бардык багыттар боюнча кызматташтыгы кыйла активдешкенин белгиледи. Ал 2023-жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия жана Европа Бирлигин лидерлеринин жолугушуусун мисал келтирип, мындай иш-чаралар эки тараптын саясий эркинин жана аракеттеринин натыйжасы экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда министр Тери Хакалага жемиштүү иши үчүн терең ыраазычылык билдирип, анын жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.