Мейманканадагы мушташ. Бийчи Жан Воинов 1-августка чейин камалды
5 июль

Мейманканадагы мушташ. Бийчи Жан Воинов 1-августка чейин камалды

Бейбаштыкка шектелип кармалган бийчи Жан Воинов 1-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май соту чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Белгилей кетсек, 30-июнда Ж.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринде В.Ж. аттуу жаран коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин атайылап жана одоно бузуп, негизсиз түрдө дене жаракаттарын келтиргендигин билдирген.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-(Бейбаштык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.