Транспорт министри Ысык-Көл облусундагы жасалып жаткан жол иштеринен кабар алды
6 июль

Транспорт министри Ысык-Көл облусундагы жасалып жаткан жол иштеринен кабар алды

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 5-июлда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Анын алкагында Сыргабаев "Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо" долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышып, 0–25-чакырымындагы асфальт басуу жумуштарын текшерди.

Бүгүнкү күндө аталган тилкеде "Кыргыз жол курулуш" тарабынан 25 чакырымга асфальт толук төшөлүп бүтүп, жол чийиндерин чийүү жана темир тосмолор орнотулууда.

Ал эми 25–71-чакырымдар аралыгында 19 чакырымга асфальттын биринчи катмары төшөлгөнү белгилүү болду. Ошондой эле, министр көпүрө куруу, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштерин жеринен көзөмөлдөдү.

Мындан тышкары, Сыргабаев аталган автомобиль жолдун 71-91-чакырымдар аралыгында жайгашкан асфальт-бетон чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Андан соң, министр Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун 96.37–126.37 жана 126.37–141.64-чакырымдар аралыгына барып, жүрүп жаткан жумуштардан кабар алды.

Ведомство жетекчиси жеринде тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, курулуш иштерин бекитилген графиктен кечиктирбей өз убагында жана сапаттуу аткаруу тапшырмасын койду.