Шабдан баатыр жана Будённый көчөлөрүнүн кесилиши жабылат
Бишкекте 21-майдан 27-майга чеийн, жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу Шабдан баатыр жана Будённый көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мунун негизинде, оңдоп-түзөө иштери бүткөнчө №16, 135 жана 21 автобустун жүрүү кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранып, алдын ала жолуңузду пландап, мүмкүн болсо жеке унаа ордуна коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.
