Салык кызматкерлери Бишкектеги контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн мыйзамсыз цехти аныкташты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө Бишкек шаарындагы контрафакттык алкоголдук продукцияларды өндүргөн мыйзамсыз цехти аныкташты.
Цех борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан. Имаратты текшерүү учурунда мыйзамсыз 151 бөтөлкө алкоголдук продукция жана эски үлгүдөгү акциздик маркалар табылган.
Цехтин ээлери продукцияны жок кылууга аракет кылып, качып кетишкен. Рейддик салыктык көзөмөлгө тоскоолдук көрсөтүлгөнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына каттоо үчүн милиция кызматкерлери чакырылган.
Салык кызматынын инспекторлору тиешелүү актыларды түзүштү, ал эми материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
