Ош облустук клиникалык ооруканасы капиталдык оңдоодон өтүп жатат
6 октябрь

Ош облустук клиникалык ооруканасы капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Ош облустук клиникалык ооруканасы учурда толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, оңдоо иштери 2024-жылы башталган. Тендердик баасы 258 миллион сомду түзөт.

Оорукана заманбап талаптарга жооп берген үлгүдө жасалып, жылытуу системасы жана инженердик тармактар толугу менен алмаштырылып, фасады жаңыланды.

Белгилей кетсек, оорукана 1976-жылы курулуп пайдаланууга берилген жана андан бери биринчи жолу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.