Боз айылында көмүр казуучу карьерде газга ууланган адамдын сөөгү табылды
Кадамжай районунда көмүр казуучу карьерге ууланган адамдын сөөгү табылды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Боз айылынын тоосунда жайгашкан өз алдынча көмүр казуучу карьерге (9-забой) газ толуп, ичинен эркек киши чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Жерине алты куткаруучу тартылган. Алар маркумдун сөөгүн забойдун 90 метр тереңдигинен алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.
