Кыргызстанда бир жумада 23 миң ден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 29-сентябрдан 5-октябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 644 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-1 349;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -268;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-204;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-892;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 948;
- Авто ээнбаштык -20;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 899;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 11;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 142;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 911 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
