Казакстан Республикасынын Тараз шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун кеңсеси ачылды
2026-жылдын 26-июнунда Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун кеңсесинин ачылыш аземи болуп өттү. Расмий ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Жеңишбек Асанкулов катышты.
Иш-чарага ошондой эле Тараз шаарынын акими Бакытжан Орынбеков, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Алибий Жуманов, Кыргыз Республикасынын Тараз шаарындагы Ардактуу консулу Жанузак Бейсеубаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Талас облусунун жана Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында Тараз шаарынын акими Бакытжан Орынбеков менен Талас шаардык кеңешинин төрагасы Алибий Жумановдун жолугушуусу болуп өтүп, анын жүрүшүндө тараптар аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун жана Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун ишкерлеринин ортосунда соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого арналган бизнес-жолугушуу уюштурулду.
Жолугушуунун катышуучулары Тараз шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун кеңсесинин ачылышы кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоодо, аймактар аралык кызматташтыкты активдештирүүдө, ошондой эле эки боордош мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү кадам болорун белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Жеңишбек Асанкулов Ардактуу консулдун кеңсесинин ишмердүүлүгү эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандарына жана ишкердик субъекттерине көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Сапардын алкагында Талас облусунун ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү ошондой эле «Dala Glass» барак айнек чыгаруучу заводунда, Жамбыл облустук тарыхый-өлкөнү таануу музейинде жана Кардиохирургия жана трансплантология боюнча илимий-клиникалык борборунда болуп, Жамбыл облусунун өндүрүштүк, илимий жана маданий потенциалы менен таанышышты.
