Базар-Коргондо мектеп жетекчилигине  акчаларды мыйзамсыз ыйгарып алган. Кылмыш иши козголду
28 февраль

Базар-Коргондо мектеп жетекчилигине акчаларды мыйзамсыз ыйгарып алган. Кылмыш иши козголду

Акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып алган мектеп жетекчилигине кылмыш иши козголду, деп кабарлайт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунунБазар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө №11 М.Алыкулов атындагы гимназия-мектебинин жооптуу кызматкерлери жумуш убактысын эсепке алуу документтерин жана маяна тизмелерин жасалмалоо жолу менен иштебеген кызматкерлерге жалган түрдө эмгек акы эсептеп, ошондой эле иш жүзүндө өткөрүлбөгөн кружоктор үчүн акча каражаты сарпталды деген негиз менен расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишип, ири өлчөмдөгү акча каражатты өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) беренеси боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары үчүн материалдар Базар-Коргон РИИБге өткөрүлүп берилди.