Чүй облусунда бейбаштыкка шектелген топ кармалды
Чүй облусунда бейбаштыкка шектелген топ кармалды, деп билдирет облустук милициянын маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, 18-декабрда Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө 1986-жылы туулган М.Т. атту жергиликтүү тургун, арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Ал арызында 2025-жылдын 16-декабрь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында Каинда шаарында жайгашкан «Легаси» автомойкасынын жанындагы аймакта белгисиз адамдар эч кандай себепсиз, бейбаштык ниет менен ага, ошондой эле анын бир туугандарына — 1989-жылы туулган М.Т. жана 1980-жылы туулган М.А. дене жаракаттарын келтирип, окуя болгон жерден качып кетишкенин билдирген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү адамдар аныкталган. Алар жергиликтүү тургундар — 1991-жылы туулган С.Т., 1996-жылы туулган Ж.Н. жана 1997-жылы туулган Т.А. болуп чыккан. Аталган жарандар Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
