Журналист Сталбек Абдыраев 63 жаш курагында дүйнө салды
28 февраль

Журналист Сталбек Абдыраев 63 жаш курагында дүйнө салды

Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. 63 жаш курагында белгилүү журналист Абдыраев Сталбек Нурмамбетович дүйнөдөн кайтты.

Абдыраев Сталбек Нурмамбетович 1962-жылы 26-февралда Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында төрөлгөн. 1984-жылы Фрунзедеги Б. Бейшеналиева атындагы искусство жогорку окуу жайынан методист-уюштургуч адистигин алып, Нарын шаарында советтик партиялык кызматтарда, 1993-жылдан тарта Нарын областында уюштурулган телевидениеде алгачкы диктор болуп иштеген.

Ошондон бери журналисттик кесипти аркалап, “Сары-Өзөн”, “КООРТ” телевидениелеринде диктор, алып баруучу, 2001-жылдан тарта КТРдин “Ала-Тоо” маалымат аналитикалык борборунда “Жаңылыктар”, “Басма сөзгө баяндама” телеберүүлөрүнүн алып баруучусу, кабарчы, Чүй областы боюнча өз кабарчы болуп эмгектенген.

2016-жылдын август айынан тарта ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Жаңылыктар” дирекциясында редактор, Чүй областы боюнча аймактык кабарчы болуп эмгектенип жаткан.

"Караван Инфо" редакциясынын жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт!