Бишкектин айрым конуштарында 4-мартта ичүүчү суу өчүрүлөт
28 февраль

Бишкектин айрым конуштарында 4-мартта ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым конуштарында 4-мартта саат 09:00дөн 15:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Өчүрүү району:

  • «Энесай» конушу;
  • «Дордой - 1»  конушу;
  • «Дордой - 2» конушу.

«Энесай» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын  суранат.