Токмокто күйөөсү аялын чыны менен урган. Текшерүү иштери башталды
Токмокто үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, 22-июлда Строитель дачасы аймагындагы үйдө үй-бүлөлүк зомбулук болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2026-жылдын 10-июль күнү А.А. аттуу аялга анын жолдошу А.С. аттуу жаран чай ичүүчү чыны менен уруп, денесине залал келтиргени аныкталган.
Окуя боюнча А.А. аттуу жаран эч кимге карата арыз-доосу жок экендигин билдирген.
Мыйзам талаптарына ылайык А.А. аттуу аялга коргоо ордери чыгарылган.
Учурда окуянын бардык жагдайларын объективдүү аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Экспертизанын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берилип, акыркы процессуалдык чечим кабыл алынат.
Ошол эле учурда А.А. аттуу аялдын тууганы зомбулук фактысы боюнча арыз менен кайрылган.
Аталган материалдын негизинде А.С. аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 73-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча протокол түзүлүп, Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
