Чүй облусунда Таш-Башат–Үч-Эмчек жолу асфальтталды
1 сентябрь

Чүй облусунда Таш-Башат–Үч-Эмчек жолу асфальтталды

Чүй облусунун аймагында жайгашкан Таш-Башат–Үч-Эмчек унаа жолунун жалпы 1,100 чакырымдык тилкесин асфальттоо иштерине Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинен каражат бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө аталган тилкенин 1,50 чакырымы толук асфальтталып, пайдаланууга берилди.

Ишти №25 Жол тейлөө ишканасы аткарып, жолдун сапаттуу бүткөрүлүшү жергиликтүү тургундардын жүрүүсүн жеңилдетип, транспорттук каттамдын коопсуздугун жогорулатат. Ошондой эле айылдардын ортосундагы байланышты жакшыртып, экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзөт.