Ошто Салиева жана Раззаков көчөлөрүн байланыштырган жол салынууда
Ош шаарында тургундардын кайрылуусуна ылайык, У.Салиева жана И. Раззаков көчөлөрүн байланыштырган көчө унаа каттамдары үчүн ачылып жатат. Бул жолдун узундугу 200, туурасы 6 метрди түзөт.
Учурда жолдун негизи тегизделип, асфальт төшөөгө даярдалууда. Мындан тышкары, бир капталына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулуп, эки тарабына лотоктор орнотулган.
Белгилей кетсек, буга чейин бул тилкеде башаламан соода-сатык жайлар бар болуп, жашоочулар гана ары бери каттоочу жол болгон. Жашоочулардын суранычы менен аталган жол кеңейтилип, мыйзамсыз курулуштардан тазаланып, жасалууда.
