Эмгек министри Кыргызстандын Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү менен колдоо маселелерин талкуулады
4 апрель

Эмгек министри Кыргызстандын Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү менен колдоо маселелерин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү жана жумушка орноштуруу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Министрге Кыргызстандын көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун карамагында 2000-жылы негизделген “КАРЕК” ЖЧК окуу-өндүрүш ишканалары көрсөтүлдү.

“КАРЕК” ЖЧКнын негизги ишмердүүлүгү – майда архитектуралык формаларды, курулуш конструкцияларын жана техникалык багыттагы металл буюмдарын, идиштерди, стандарттуу эмес шаймандарды даярдоо, ошондой эле курулуш-монтаж иштери  болуп эсептелет.

Ошондой эле министр уюм өз каражаты менен курган Маданият үйүнө да барып чыкты. Жолугушууда белгиленгендей, Кыргызстандын көзү азиздер жана дүлөйлөр коому дээрлик 100 жыл мурда түзүлгөн жана учурда көрүү, угуу жана жалпы оорулар боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 7600дөн ашуун адамды бириктирет.

Бүгүнкү күндө коомдун карамагында республика аймактарында жайгашкан 11 окуу-өндүрүш ишканасы иштеп, анда 500дөн ашык мүчө 147 түрдүү продукцияны өндүрүп жатат.

Равшанбек Сабиров жана коомдун өкүлдөрү мамлекеттик заказдарды министрликтер жана ведомстволор тарабынан “КОС жана КОГ” өндүрүш ишканаларына жайгаштыруу иштерин күчөтүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле “КОС жана КОГ” тарабынан чыгарылган продукциялардын стандартташтыруу маселелери да көтөрүлдү.

Жолугушууда негизги көйгөйлөрдүн бири катары мамлекеттик заказдардын жетишсиздиги жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыздоону кеңейтүүгө жолтоо болгон колдоонун жоктугу белгиленди.