Курулуш министрлиги
9 апрель
Кочкор районунда жаңы автобекет курулууда
Кочкор районунда жаңы автобекет курулууда, деп билдирет Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы.
Каржылоо республикалык бюджеттен каралып, тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт.
Объекттин курулушу 2025-жылдын февраль айында башталган. Учурда курулуш иштер 45 пайызга аткарылды.
Долбоор боюнча автобекеттин жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзүп, 2 кабаттуу имарат, транспорттук техникалык тейлөө, унаа токтотуучу жай жана көрктөндүрүү каралган.
Курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы текшерүүдөн өткөрүлүп, жумуштун аткарылышы Турак жай-жарандык департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
