Жыл башынан бери Кыргызстанда ботулизм менен ооругандардын саны 40%га азайган
24 март

Жыл башынан бери Кыргызстанда ботулизм менен ооругандардын саны 40%га азайган

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын башынан бери республикада ботулизм (40%га), сифилис (27,3%) жана вирустук гепатит (3,5%га) менен ооругандардын саны кыйла азайган.

Ошону менен бирге ведомство өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100 миң адамга оорунун көрсөткүчүнүн жогорулагандыгын белгилейт:

  • курч ичеги инфекциялары – 46,4%га,
  • курч респиратордук вирустук инфекциялар – 25,9%га,
  • ВИЧ инфекциясы – 3,8%,
  • бруцеллез – 7,1%га.

Ошондой эле жыл башынан бери 48 миң жугуштуу жана мите оорулары, анын ичинде курч респиратордук вирустук инфекциялар катталганы айтылды.

Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында эпидемиологиялык абал оорунун олуттуу төмөндөшү менен мүнөздөлгөн.