Учурдө өлкө боюнча канча социалдык объект курулууда?
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлүндө жалпы 283 социалдык объекттин курулуш иши кызуу жүрүүдө.
Алардын:
• 145и мектеп;
• 74 бала бакча;
• 34 спорт объекти;
• 11и саламаттык сактоо объекти;
• 5 маданият үйү;
• 14 административдик имарат курулууда.
Аталган объектилер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин 2025-жылдын эсебинен 126 социалдык объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.
Жыл соңуна чейин дагы 100дөй соц. объектинин курулушун бүткөрүү пландалууда.
