Медербек Алиев сот арачылары институтун өнүктүрүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин жыйынында төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев Кыргызстандагы сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун айрым маселелерине көңүл бурду.
«Бүгүнкү күндө сот тутумуна карата коомчулук тарабынан нааразычылык, сын-пикирлер абдан көп. Мунун объективдүү да, субъективдүү да себептери бар. Тилекке каршы, көпчүлүк учурда жарандардын нааразычылыгы негиздүү болууда. Бул сот иштеринин негизсиз создуктурулушу, коррупция, тууганчылдык. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясында камтылган, бирок белгилүү мөөнөткө жылдырылган сот арачылары институтун киргизүү соттук реформанын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат», – деди Медербек Алиев.
Муну менен катар төраганын биринчи орун басары аталган укуктук механизмдин артыкчылыктарына жана кемчиликтерине кеңири токтолуп, аны батыш өлкөлөрүндө, ошондой эле Россияда жана Казакстанда ийгиликтүү колдонуу тажрыйбасын мисал келтирди.
«Сот арачылары институтунун негизги артыкчылыктарынын бири сот адилеттигинин башкы принциптеринин бири болгон атаандаштык принцибин камсыз кылуу болуп саналат», – деген эл өкүлү азыркы учурда судьялардын көбү мурда укук коргоо органдарында иштегендиктен актай турган өкүмдөргө караганда айыптоочу өкүмдөрдү чыгарууга көбүрөөк ыктап жатышканын кошумчалады.
Мындан тышкары, Медербек Алиев сот арачылары институтунун башка артыкчылыктары катары коррупцияны жоюуга өбөлгө түзүү жана сот адилеттигин жүзөгө ашырууда элдин катышуусун камсыз кылган демократиялык принципти ишке ашыруу экенин жүйө келтирди.
