Сый акы каралган. Ак-Ордо конушунда адам өлтүрүүгө шектүү изделүүдө
6 октябрь

Сый акы каралган. Ак-Ордо конушунда адам өлтүрүүгө шектүү изделүүдө

2025-жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринде болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Көзөмөл камераларынан алынган видео жазууларда кылмышка шектүү жаран түшүп калган. Окуя болгон жерден шектүүгө таандык баш кийим - кепка (сүрөттө) табылып алынган.

ИИМ эгерде сүрөттөгү адамды таанып же анын жүргөн жери жөнүндө маалымат билгендерди, төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюну өтүнөт: 0 772 144 239, 0 556 848 080, 102.

КР Ички иштер министрлиги маалымат берген адамдардын жеке коопсуздугу жана купуялуулук толук сакталат.

Тергөөгө көмөктөшкөн жарандар үчүн сый акы каралган.

Маркумдардын туугандары бул иштин кандайдыр бир жагдайларын жарыялоо каршы экенин эске алып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартабыз.

Тергөөнүн аякташы жана шектүү жаран кармалгандан кийин, коомчулукка дароо расмий маалымат берилет.