УКМКнын төрагасы алмашабы?
www
29 июнь

УКМКнын төрагасы алмашабы?

Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилигинде өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

24.kg басылмасы өз булактарына таянып билдиргендей, азыркы башкы прокурор Максат Асаналиев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагалыгына негизги талапкер катары каралууда.

Булактардын маалыматына ылайык, УКМКнын азыркы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков кызматынан кетип, башка мамлекеттик кызматка дайындалышы мүмкүн. Бирок азырынча бул кадрдык өзгөрүүлөр боюнча расмий ырастоо бериле элек.

Максат Асаналиев 2024-жылдан бери Кыргыз Республикасынын башкы прокурору кызматын аркалап келет. Буга чейин ал прокуратура органдарында жана мамлекеттик коопсуздук системасында эмгектенип, ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.