Ош мэриясы
29 июнь
“Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
“Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасына Нурбек Шарабжан уулу директор болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка шаар мэри Жанарбек Акаев кол койду.
Бүгүн шаар башчысы жаңы дайындалган жетекчини кабыл алып, аны жаңы кызматы менен куттуктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө мэр алдыдагы жумуштар боюнча бир катар тапшырмаларды берип, шаар тургундарын суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурууну талап кылды.
Мэр ошондой эле суу берүүдөгү үзгүлтүктөрдүн алдын алуу, күтүүсүз абалдарга өз убагында чара көрүү жана ишкананын ишин натыйжалуу уюштуруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды койду.
