Кудайберген Базарбаев Корея делегациясынын “Сэмаыль Ундон” долбоорунун жетекчилиги енен жолугушту
Бүгүн 1-сентябрында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев “Сэмаыль Ундон” (“Жаңы айыл кыймылы”) долбоорунун алкагында Корея Республикасынын делегациясы менен расмий жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага Сэмаыль кеңселери жана фабрикалар ассоциациясынын президенти Чжун Мун Су, Сэмаыль Ундон борборунун башкы директору Чжо Те Хан жана Ким Хван Лим катышты.
“Сэмаыль Ундон” (“Жаңы айыл кыймылы”) кыймылы – Кореяда айылдарды өнүктүрүүдө ийгиликтүү ишке ашкан улуттук программа. Анын негизги принциптери – өз ара жардамдашуу, ынтымак жана эмгекчилдик. Бул тажрыйба 2013-жылы БУУ жана ЮНЕСКО тарабынан дүйнөдөгү мыкты моделдердин бири катары таанылган.
Кыргызстанда 2022–2026-жылдары Ысык-Көл, Нарын облустары жана Бишкектеги бир нече аймактарда иш жүрүп жатат. 2022-жылдан бери 388 миң АКШ долларына (33,5 млн сом) тең долбоорлор ишке ашырылып, анын 27% айыл өкмөттөр жана жергиликтүү тургундардын салымы менен камсыздалды.
Долбоор алкагында таза суу, спорт жана балдар аянтчалары, коомдук мончо, ички жолдор, мал жана бал чарбачылыгы сыяктуу маанилүү иштер аткарылып, 56 жергиликтүү лидер жана мамлекеттик кызматкер Кореядагы курстардан билим алды.
Жолугушууда Кудайберген Базарбаев кыргыз-корей кызматташтыгынын маанисин белгилеп, 2026-жылы экинчи фаза аяктагандан кийин долбоорду республика боюнча жайылтуу зарылдыгын сунуштады. Ошондой эле тоолуу айылдарда таза суу, ирригация, айыл чарбасы жана аялдардын демилгелерин колдоо багытында кызматташууну улантууга кызыктар экенин билдирди.
Ал “Сэмаыль Ундон” принциптери менен кыргыз элинин Ашар ыкмасын айкалыштыруу жергиликтүү жамааттарды бириктирип, жашоо деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи
