Бишкектин бир бөлүгү бир жумага ысык суусуз калат. Тизме
29 июль

Бишкектин бир бөлүгү бир жумага ысык суусуз калат. Тизме

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 8 күн ысык суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 30-июлдан 6-августка чейин  жылуулук магистралдарынын белгилүү бир бөлүгү убактылуу өчүрүлөт.

Бул убакта Осмонкул көчөсүндө жайгашкан №3 насостук станциясына курулуп жаткан түтүктөрдү ЗПЗ-I жылуулук магистралындагы түтүктөргө кошуу иштери жүргүзүлөт.

Бул иштер жүргүзүлгөн мезгилде төмөнкү даректерде ысык суу берүү токтотулат:

  • Чүй проспектиси, №46, 48, 50, 52, 125, 121 (административдик имарат), 123 (медресе);
  • Герцен көчөсү, №95а, 51 (бала бакча);
  • Гоголь көчөсү, №109, 111, 113, 107 (бала бакча);
  • Суюмбаев көчөсү, №18, 80, 123/1, 73 (РОВД);
  • Осмонкул көчөсү, №40б (жеке мектеп), 36 (Улуттук медициналык борбор);
  • Киев көчөсү, №1б, 2б.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну  өтүнөт.