Бүгүндөн баштап «Манас» эл аралык аэропортунун аэробекетине кирүү жана чыгуу схемасы өзгөртүлдү
14 май

Бүгүндөн баштап «Манас» эл аралык аэропортунун аэробекетине кирүү жана чыгуу схемасы өзгөртүлдү

«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүндөн баштап ири масштабда реконструкциялоону алкагында курулган аэробекет комплексинин жаңы бөлүгү пайдаланууга берилди. Жаңыланган терминалдын ачылышына байланыштуу жүргүнчүлөрдүн жана коноктордун жүрүү схемасы өзгөртүлүп, аэробекет имаратынын мурдагы кире бериши жабылды. Эми жаңы кирүү жана чыгуу жолдору комплекстин батыш тарабында жайгашкан.

Жүргүнчүлөр жана аэропорттун коноктору үчүн эл аралык тейлөө стандарттарына жооп берген заманбап мейкиндиктер жеткиликтүү болду. Алардын катарына жаңы күтүү залдары, каттоо аймактары, жаңыланган стерилдүү зона, ошондой эле ыңгайлуу учуп келүү аймагы кирет. Ошол эле учурда бүгүндөн баштап аэробекеттин эски бөлүгү реконструкциялоо иштерине байланыштуу жабылат.

Аэробекетти реконструкциялоо аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо жана Кыргыз Республикасынын авиация тармагын өнүктүрүү боюнча комплекстүү программанын бир бөлүгү болуп саналат.