
Жакын арада өлкөнүн бардык аймагында "Коопсуз шаар" тутумун жайылта баштайбыз — Ниязбеков
Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 19-сентябрда ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрүп, анда ИИМ жана анын аймактык бөлүктөрү өлкөнүн бардык аймагында "Коопсуз шаар" тутумун жайылтуунун үстүндө иштей баштарын билдирди.
‘’Баарыңыздарга белгилүү болгондой, кечээ президентибиз “Коопсуз шаар тутумун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде, республиканын бардык аймактарына “Коопсуз шаар” тутумун жайылтып, элибиздин туруктуу коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо милдетин так аткарышыбыз керек. Бүгүндөн баштап, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен “Коопсуз шаар” тутумун өткөрүп алуу жумуштарын баштайбыз. Тутумду өткөрүп алуу жумуштары аяктагандан кийин, аны республиканын бардык аймактарына жайылтуу процессине өтөбүз", - деди өз сөзүндө ИИМ башчысы.
Андан сырткары, жер-жердеги ички иштер башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн биринчи жетекчилери – “Коопсуз шаар” тутумуна кошулууга даяр болуусун эскертип, санарип тармагын өнүктүрүү боюнча тиешелүү аракеттерди көрүп, келип чыккан көйгөйлөрдү жеринде чечүүнү тапшырды.
‘’Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар жана Финансы-чарбалык камсыздоо башкармалыктары менен тыгыз байланышта иш алып барыңыздар. Жакынкы арада, аталган Жарлыктын талаптарынын аткарылышы боюнча маселени карайбыз. Эгерде, кайсы бир шаардык же райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан, Жарлыктын талаптары аткарылбай калса, анда жеринде катуу чечимдерди кабыл алабыз. Ошондуктан, бүгүнтөн баштап, тиешелүү ыкчам аракеттерди көрүңүздөр. Убакытты текке кетирбеңиздер", - деп сөзүн жыйынтыктады Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде.
Онлайн кеңешинин аягында ИИМ башчысы ички иштер органдарынын жетекчилерине бүгүн каралган маселелердин алкагында берилген тапшырмаларды так аткарып, кемчиликтерди жоюп, көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө аракеттерди көрүү керектигин айтты.