Кадамжай районунда жети айыл таза суу менен камсыз болот
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
29 июнь

Кадамжай районунда жети айыл таза суу менен камсыз болот

Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү жети айыл таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Кызыл-Коргон айылында 100 метр тереңдикте тике суу кудугу казылып, суу лабороториядан өткөрүлүп, ичүүчү суу катары колдонууга уруксаат алынды. Алдыда суу түтүктөрүн тартуу иштери башталат.

Курулуш 2027-жылга аяктап, 7 айылдын элине таза суу жетет.