Жалал-Абад облусунда 5 кг. гашиш менен чет элдик жаран кармалды
6 октябрь

Жалал-Абад облусунда 5 кг. гашиш менен чет элдик жаран кармалды

Жалал-Абад облусунда 5 кг. гашиш менен чет элдик жаран кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРдан Өзбекстан Республикасына баңгизаттарды ташуу каналына бөгөт коюлду.

Чет элдик А.А.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун аймагынан 5 кг салмактагы гашиш аттуу ири өлчөмдөгү баңги затын сатып алып, аны Өзбекстан Республикасына өткөрүп берүүнү пландаганы аныкталды.

2025-жылдын 2-октябрында КР Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айылынын Лола тилкесинде КР- ӨР Мамлекеттик чек арасына жакын жерде 5 кг баңги заты менен А.А.А. кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.