Акысыз лабораториялык анализдер: камсыздандырылган жана камсыздандырылбаган жарандар эмнени билиши керек
28 февраль

Акысыз лабораториялык анализдер: камсыздандырылган жана камсыздандырылбаган жарандар эмнени билиши керек

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) эскертет: эгерде сизде лабораториялык изилдөөлөр үчүн көрсөткүчтөр болсо, анда үй-бүлөлүк дарыгер жолдомо берүүгө милдеттүү.

Камсыздандырылган жарандар Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо 52ге чейинки лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү акысыз алууга укуктуу.

Акысыз анализдерге укугуңузду кантип колдоносуз?

1️. Үй-бүлөлүк медицина борборуна катталуу.
2️. Үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу.
3️. Консультациядан өтүү.
4️. Лабораторияга жолдомо алуу.

Ким акысыз лабораториялык изилдөөдөн (52 чейинки түр) өтө алышат?

  • ММК полиси бар жарандар
  • Иштеген жарандар, алардын ММК төгүмдөрүн иш берүүчү төлөйт.
  • ММК төлөмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү.
  • Пенсионерлер, пенсиялык күбөлүгү менен.
  • 16 жашка чейинки балдар (мектептерде жана медреселерде окугандар – 18 жашка чейин).
  • Расмий катталган жумушсуздар.
  • 21 жашка чейинки күндүзгү окуу формада окуган студенттер.
  • Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.
  • Ай сайын социалдык жөлөкпул алган адамдар.

Эгерде сиз камсыздандырылбасаңыз, эмне кылуу керек?

Үй-бүлөлүк дарыгерге катталган камсыздандырылбаган жарандар да ошондой эле жогорудагы шарттарда 12 түр анализди акысыз тапшыра алышат.

Кошумча маалымат:
Анализдердин тизмесин тактоо үчүн өзүңүздүн Үй-бүлөлүк медицина борборуна (бейтапканага) кайрылыңыз.

ММК фонду лабораториялык диагностика – бул ооруларды эрте аныктоо жана ден соолукту сактоого карата маанилүү кадам экенин эскертет!

Суроолор дагы барбы?
Күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыз. Чалуулар бардык түзмөктөрдөн акысыз.