Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү колдонулат
19 сентябрь

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү колдонулат

Аралыктан добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш бере албаган жана аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берген жарандардын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган.

Аралыктан добуш берүүнү өткөрүүдө шайлоочулардын эркин сактоонун кепилдигин жана добуш берүүнүн купуялуулугун сактоону эске алуу менен активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууга жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды түзүүгө болот.

Урматтуу шайлоочулар, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок убактылуу жок болгондугуна байланыштуу туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш бере албаган жарандардын добуш берүүсүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берсеңиздер болот.

Аралыктан добуш берүүнү өткөрүү үчүн төмөнкү шаарларда шайлоо участкалары түзүлөт:

1. Бишкек

2. Ош

3. Каракол

4. Жалал-Абад

5. Нарын

6. Талас

7. Баткен

Аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулар 2024-жылдын 1-ноябрына чейин төмөнкүдөй арыз бериши керек:

- добуш берүү күнү шайлоочу убактылуу турган жери боюнча аймактык шайлоо комиссиясына;

“Tizme” шайлоочулар порталындагы (tizme.gov.kg) электрондук “Шайлоочулар кабинети” (voter-cabinet.srs.kg) аркылуу.

Аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген шайлоочу аралыктан добуш берүүнүн форматын колдонуу менен гана добуш берүүгө укуктуу.

Аралыктан добуш берүү шайлоо күнү, башкача айтканда, 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.